6-августтан 13-августка чейин Улуттук тарых музейинде өтө турган «Сайки» сүрөт көргөзмөсүнө чакырабыз
Урматтуу достор, сиздерди 2023-жылдын 6-августттан 13-августка чейин Улуттук тарых музейинде өтө турган Сайки сүрөт көргөзмөсүнө чакырабыз (7-август эс алуу күнү).Көргөзмө JICA ыктыярчылары жана №93-профессионалдык лицейи тарабынан уюштурулуп, 20дан ашык кыргызстандык сүрөтчүлөрунун эмгектери коргозулот. Көргөзмөнүн ачылыш аземи 6-августта саат 16:00дө башталат.Ачылыш аземинде кыргыздын атактуу комузчусу Закирбек Дуйшонбек уулунун жана “Ооэдодайко” тобунун жапон добулбастарынын коштоосундагы куулорду жана башка көптөгөн катышуучулардын аткаруусундагы ырларды уга аласыздар.Ал эми 9-августта JICAнын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү, Кавамото мырзанын Хиросима жана Нагасаки шаарлары жонундогу уникалдуу презентациясын коро аласыздар.”Сайки” түшүнүгү “кайрадан жандануу” жөнүндө. Бүгүнкү күндө бүт дүйнө кыйынчылыктарга дуушар болууда: пандемия, табигый кырсыктар, кагылышуулар. Географиялык турумуна карабастан, ар бир адам кайра жанданып, жашоону улантууга күч табууга аракет кылып, ал эми кимдир бирөө дагы деле кыйынчылыктарга кабылууда. Жапон мамлекети да катуу жер титирөөлөр, согуш сыяктуу көптөгөн сыноолордон өттү. Бирок кырсыктарды жеңүү жана кайра жандануу боюнча жапон элинин руху жана күчү дүйнө жүзүно белгилүү. Бул көргөзмөдо Жапон элинин үмүтүн жана күчүн көркөм чагылдырмалар аркылуу кө уп жана сезе аласыздар.