музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  ПРЕСС-РЕЛИЗ – Кыргыз жоокеринин IX жана XV кылымдардагы соот кийимдеринин тарыхый реконструкциясынын көргөзмөсү

ПРЕСС-РЕЛИЗ – Кыргыз жоокеринин IX жана XV кылымдардагы соот кийимдеринин тарыхый реконструкциясынын көргөзмөсү

2023 жылдын 8 – сентябрынан 8 – октябрына чейин, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде, жаш изилдөөчүлөрдөн турган илимий-чыгармачылык топ кыргыз жоокеринин соот кийимдерин тарыхый реконструкция аркылуу кайрадан иштеп чыгарылган өзгөчө үлүглөрүнүн көргөзмөсүн тартуулайт.

Көргөзмөдө IX жана XV кылымдарга таандык кыргыз жоокеринин эки комплект соот кийиминин тарыхый реконструкциясы, соотторду коштогон сүрөттөр (digital art) жана атайын тартылган анимациялык тасма көрсөтүлөт. Бул долбоор жаш изилдөөчүлөр тарабынан демилгеленип, реконструкция иштерине белгилүү тарыхчылар, археологдор жана этнографтар көмөк көрсөтүштү.

Көргөзмөнүн максаты байыркы жана орто кылымдарга таандык соот кийимдердин негизинде кыргыз жоокеринин дүйнө көрүүсүнө жана аскердик искусствосуна байланыштуу салттуу билимдерди жандандыруу жана маданий мурастарыбызды өнүктүрүп сактоо болуп саналат.

Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде, Борбордук Азия Университетинин Маданий мурастарды сактоо жана гуманитардык илимдер бөлүмүнүн колдоосу менен Chapansar студиясы жана “Кийиз Дүйнө” коомдук фондунун көмөгү аркылуу ишке ашууда.

Көргөзмө 08.09.2023 ж., саат 16:00 ачылат. Көргөзмөнүн куратору Миррахим Опош 0771 458 549, 0551 458 549

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90