музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ БИШКЕК ЭЛ АРАЛЫК АЯЛДАР КЛУБУНУН ИШ-ЧАРАСЫ УЮШТУРУЛДУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ БИШКЕК ЭЛ АРАЛЫК АЯЛДАР КЛУБУНУН ИШ-ЧАРАСЫ УЮШТУРУЛДУ

Тарых музейинде Бишкек Эл аралык Аялдар Клубунун демилгеси жана уюштуруусу менен Сахиб Карим Хандын “Проявление судьбы: квантовая наука роста” аталышта, публикага лекциясы окулду.

Бул агартуучу акция кайрымдуулук иретинде ѳткѳрүлүп, андан түшкѳн каражат муктаж болгон балдар фондусуна которулары белгиленди.

Лекцияда кванттык физика, илим жана философия, сынчыл ой жүгүртүүнү ѳстүрүү, трансформациалануу шартында лидерлерге багыт берүү жана инсандын интеллектуалдык потенциалын ачуу жолдору менен ыктары тууралуу кеңири маалыматтар билимдүү аудиторияга түшүндүрүлдү.

Иш-чара кызуу талкуу, ой-пикир алмашуу, суроо-жооптор менен коштолуп ѳткѳрүлдү.

Маданияттын ордосу саналган тарыхый жайда, ар кыл темада жана ар түрдүү социалдык топторго арналып ѳткѳрүлүп жаткан иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Пресс-маалымат: Сахиб Карим Хан – TPE Consultantsтин башкы директору, тренер, консультант, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу боюнча кесипкѳй адис.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90