музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ЕАЭСТИН БАЖЫ КЫЗМАТЫНЫН ѲКҮЛДѲРҮ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ЕАЭСТИН БАЖЫ КЫЗМАТЫНЫН ѲКҮЛДѲРҮ КЕЛДИ

ЕАЭСтин Россия, Белоруссия, Армения, Казакстан ѳлкѳлѳрүнүн Бажы кызматынын ѳкүлдѳрү, Кыргызстандагы расмий иш сапарынын алкагында, кыргыз эли тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн тарых музейин кѳрүүгѳ келишти.

Делегаттарга, мезгилинде Алтай, Енисейден – Теңир-Тоого, андан Чыгыш Түркстанга чейинки аймакта маданияты таркап, таасири жайылган элдин тарыхы тууралуу экскурсия жүргүзүлдү.

Кыргыздардын Теңир-Тоонун автохтондуу эли экендиги, кѳчмѳндѳр цивилизациясына кошкон салымы, турмуш-салтындагы этнопедагогикалык тарбиясы, жалпы эле тарыхый мурастары тууралуу маалымат берилди.

Мамлекеттин маданият тармагындагы саясатына салмактуу салымын кошуп келе жаткан музейдин ишмердүүлүгүнѳ, соңунда кѳптѳгѳн маалымат алган меймандар ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90