музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН ОНДОН АШУУН ИРИ УЮМДУН 23 МАМЛЕКЕТИНИН КАТЫШУУЧУЛАРЫ КѲРҮШТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН ОНДОН АШУУН ИРИ УЮМДУН 23 МАМЛЕКЕТИНИН КАТЫШУУЧУЛАРЫ КѲРҮШТҮ

Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгѳ каршы ѳтүп жаткан Подкомиссиянын 56-сессиясынын атайын ѳтүнүч каты менен кайрылган уюштуруучулары, маданий программанын алкагында сый делегаттарды тарых музейине алып келишти.

ОДКБ, ОБСЕ, ШОС, ВОЗ, Араб Лигасынын мамлекеттери ж.б. кѳптѳгѳн эл аралык уюмдардын жана бирикмелердин катышуучу мамлекеттеринин мейман ѳкүлдѳрү, музейден кыргыз элинин жыйырма эки кылымдык тарыхы менен жакындан таанышышты.

Илимий кызматкерлер, тарыхтын түз далили болгон экспонаттар аркылуу, болуп ѳткѳн окуяларды таасын сүрѳттѳгѳн Азиядан – Европага, Чыгыштан – Батышка тараган этностордун, маданияттардын, диндердин ж.б. тарыхы тууралуу баяндап беришти.

Кыргызстандын аймагы эзелтеден эле маданияттардын тогошкон, кербендердин кесилишкен жери катары маданий-тарыхый эстеликтерге бай экендигине күбѳ болгон меймандар, соңунда ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90