музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ИНДИЯНЫН УЛУТТУК КАДЕТТИК КОРПУСУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ИНДИЯНЫН УЛУТТУК КАДЕТТИК КОРПУСУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин КМШы жана алыскы чет ѳлкѳлѳр менен кызматташтыгынын алкагында, тажрыйба алмашуу максатында Индиядан келген делегациясы тарых музейине саякат жасады.

Аскер академиялардын жана кадеттик корпустун ѳкүлдѳрүнѳ, Сибирден – Теңир-Тоого чейин тараган маданияттардын тарыхы тууралуу экскурсия жүргүзүлдү.

Индиялык меймандар индуизм жана буддизм дининин Кыргызстандан табылган артефактарына ѳзгѳчѳ кызыгуусун билдиришти.

Коргоо министрлигинин аскер лицейинин жооптуу кызматкерлери жана делегаттар кѳргѳзмѳнүн соңунда, маданий-агартуучулук программага уруксаат берген мекеме жеткечилигине ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90