музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ САГЫНАЛЫ СУБАНАЛИЕВДИН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ САГЫНАЛЫ СУБАНАЛИЕВДИН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ѲТТҮ

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, этноорганолог, профессор Сагыналы Субаналиевдин 75 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын жооптуу ѳкүлү, маданият ишмерлери, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун профессордук-окутуучулар курамы жана башка ѳлкѳдѳн келген окумуштуулар катышып, анын кыргыз маданиятына кошкон ѳзгѳчѳ салымын белгилеп ѳтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ, профессордун ѳмүр жолун чагылдырган чакан кѳргѳзмѳ жана даректүү тасма кѳрсѳтүлүп, о.э. “Комуз кыргыздардын салттуу маданиятында” аттуу монографиялык изилдѳѳлѳр китебинин бет ачары ѳтүп, жандуу концерттик программа тартууланды.

Программанын экинчи бѳлүгүндѳ, Кыргызстан, Казакстан, Ѳзбекстан, Россия ѳлкѳлѳрүнѳн катышуучу окумуштууларынын илимий докладдары окулду.

Улуттук тарых музейинде ѳткѳн эл аралык конференция, Борбордук Азиядагы музыка таануудагы аймактык байланыштар, ар улуттун салттуу искусствосунун ѳзгѳчѳлүктѳрү, Сагыналы Субаналиевдин изилдѳѳлѳрү тууралуу макалалар жана жандуу дискуссияда уланып, илимий-маданий байланышты күчѳтүү маанайдагы сунуштар менен жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90